ЖОГОТ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Бир нерсени жоголгон абалга келтирүү, таппай калуу. Ошентип күйкөнү жоготуп салбырай бастырып келаткан элек (Сыдыкбеков). Биз жоготкон койлорду издеп келатканбыз (Сыдыкбеков). 2. Сарп кылуу, түгөтүү, түбүнө жетүү, чыгымдап бүтүү. Атадан калган бар малын, Сапырып чачып жоготкон (Тоголок Молдо). 3. Ажыроо, айрылуу, учуру өтүп кетүү. Кайран жашты жоготуп, Карып келдим, Токтогул (Токтогул). 4. Кыйратуу, жок кылуу, жоюу. Канкорлорду жоготуп, Кайраттуу бол, уландар (Тоголок Молдо). Жаңынын салтын колдонуп, Жоготтуң эски жорукту (Бөкөнбаев).