ЖАТЫП ИЧЕР
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Өз алдынча эмгек кылбай бирөөнүн эсебинен жашаган, бекер оокатка көнгөн, жалкоо, арам тамак. – Бирок, ошол калың кедей жатып ичер байларга каршы жапырт козголушу керек (Эсенкожоев). Ал окууга өптөй ойрондоп келген, жатып ичер, жан бакты (Тойбаев). Арам гана жатып ичер, Кеңирсип мунун жатканын көр (Борбугулов). Ошентип, жатып ичер жата берди, Таш үйүп жалпак үйдүн чатырына (Токомбаев).