Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Өз алдынча эмгек кылбай бирөөнүн эсебинен жашаган, бекер оокатка көнгөн, жалкоо, арам тамак. - Бирок, ошол калың кедей жатып ичер байларга каршы жапырт козголушу керек (Эсенкожоев). Ал окууга өтпөй ойрондоп келген, жатып ичер, жан бакты (Тойбаев). Арам гана жатып ичер, Кеңирсип мунун жатканын көр (Борбугулов).