ЖАТКАН ЖЕРИ ЖАЙЛУУ БОЛСУН
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Өлгөн адамды эскерип, ага карата жакшы ниетин билдирүү маанисинде колдонулат. – Музооке... Жаткан жери жайлуу болсун! Өңгөлөр унутулар. Музоокенин даңазасы унутулбас (Бейшеналиев). Ичи кенен, адамда жок айкөл эмес беле, жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.