Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I сын. 1. Бөтөн, чоочун, башка, өз эмес. Сиз жат киши белеңиз. Ак ниет ишти жашырбаган жакшы (Байтемиров). Өзүңдө жок болсо, атаң да жат (макал).
2. Душман, кас. Ал кезде Сүлүктүдө эсердик, меньшевиктик жат элементтер да жок эмес эле (Сасыкбаев). Өзөктөн күйгөн өрт жаман, Өздөн чыккан жат жаман (макал).
ЖАТ II сын. 1. Көңүлдө, эсте жаңылышсыз, толук сакталган, жаңылгыдай абалда эмес. Бул окуя мага жат, күнү бүгүнкүдөй эсимде турат («Ала-Тоо»).
2. Эсте сакталган, көңүлдө калган боюнча, буйдалбай, кагазды карап же башка жол менен кайрадан эске түшүрүп отурбастан. Жат айтып берүү. Бардыгын жат билүү. Манастап ураан жат айтың, Алмамбет атын бат айтып («Эр Төштүк»).
Жат жазуу — жазуу эрежелери боюнча окуучулардын билимин текшерүү үчүн жүргүзүлүүчү контролдук иштин бир түрү, диктант.
ЖАТ III этиш. 1. Горизонталдык абалда болуу, бир нерсенин үстүнө узунунан же туурасынан түшкөн абалга келүү (адам же башка жаныбарлар жөнүндө). [Барпы].. терезенин түбүндө жаткан Абдылданы көрө койду (Байтемиров). Элемандын сырттаны, Жатып жамбаш талдырып, Жамбаштап уйку кандырып («Эр Төштүк»). Жаманды кудай не албайт, жаткан төөгө мине албайт (макал).
  1. 2.           Белгилүү бир жерде, орунда болуу. Дарбыз, коон быжырап, Жатышат сайдын ташындай (Бөкөнбаев). Каш карайды. Дүмпүйүп жаткан чоң кыштак.. акырындап караңгыга чөгүп баратат (Байтемиров). Алдында жаткан дөңгөчтү Керилип туруп чапты эле («Эр Төштүк»).
  2. 3.           Жапырылуу, жыгылып калуу. Буудай жатып калыптыр — муну оруу оңой эмес.
  3. 4.           Түнөө, конуу. Шаарда беш күн жаттым.
  4. 5.           Таандык болуу, тиешелүү болуу. Мына бул төрөчүлүккө жатабы? Ушул да адамгерчиликке жатабы?
  5. 6.           Атоочтук формада аныктооч болуп түшкөндө «барып турган», «абдан», «жеткен», «ашынган» деген мааниде колдонулат. Жаткан бир ууру. Жаткан ушакчы.
  6. 7.           Негизги этиштер менен бирге айтылып, татаал этиштерди уюштуруучу көмөкчү этиш катарында колдонулат. Ойноп жатат. Кеткени жатат. Кат жазып жатат.

¨ Жатып ичер — жалкоо, арам тамак. Ошентип, жатып ичер жата берди, Таш үйүп жалпак үйдүн чатырына (Аалы). Жата конок — конуп, түнөп калуучу конок, мейман. Жата карынкарды салаңдаган, ичи чоң, курсактуу. Жалама тоодон теке аткан, Жата карын эчки аткан (Тоголок Молдо).