Жарандык укук объектилери
Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)ЖАРАНДЫК УКУК ОБЪЕКТИЛЕРИ – жарандык укук мамилелери пайда болгон материалдык жана материалдык эмес (байлыктар)жыргалчылыктар. КР жарандык мыйзамдарына ылайык Ж. у. о. буюмдар, акча жана баалуу кагаздар, анын ичинде мүлктүк укуктар; жумуштар жана көрсөтүлгөн кызматтар; коргоодогу маалыматтар жана акыл эмгегинин жемиштери, фирмалык аталыштар, товар белгилери ж. б. буюмдарды айырмалоочу каражаттар, ошондой эле материалдык жана материалдык эмес байлыктар кирет. Жарандык укуктун объектери эркин ажыратыла берүүсү же баарына тийиштүү (мурастоо, юридикалык жакты кайра уюштуруу) укук мураскерлиги иретинде же болбосо, эгер алар мыйзам аркылуу жарандык жүгүртүмдөн алынып салынбаса же жарандык жүгүртүмдө чектелген болбосо, башка ыкмалар менен бир кишиден экинчисине өтө берүүсү керек.