Жарандык укук коргонуусу
Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)ЖАРАНДЫК УКУК КОРГОНУУСУ – КР жарандык мыйзамдарында каралган жарандык укуктун коргонуу ыкмаларынын бири. Ж. у. к. укук бузуу менен бирдей өлчөмдө болууга жана ага бөгөт коюу үчүн зарыл болгон аракет чегинен чыкпоого тийиш. Милдеттенмени камсыз кылуу ыкмаларынын бири – «кармап калуу» Ж. у. к-нун бир мисалы болуп саналат.