Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Иранча жанивар сөзү кыргыз тилине жаныбар түрүндө кабыл алынган. Иран тилиндеги -вар мүчөсү кыргызча -луу мүчөсүнүн маанисин берет. Сөзмө-сөз которгондо жанивар сөзү жандуу дегенге туура келет. Кыргызча бар сөзүнүн тыбыштары иранча -вар мүчөсүнө өтө окшош, ошондуктан кыргыз тилиндеги жаныбар сөзүн жаны+бар деген эки сөздөн куралган деп натуура эсептөөгө да болот.