Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Ар кандай айбандар, тирүү жандыктар, жалпы эле айбанаттар дүйнөсүнүн өкүлү. Кийик деген жаныбар, Өзүнчө жүргөн жан экен (Тоголок Молдо), Чээнде жаткан жаныбар, Баш көтөрүп кыбырайт (Осмонкул). 2. Малга, жер-сууга (көбүнчө малга карата, кээде жерге-сууга, адамдарга карата) таң калуу, жогору баалоо, урматтоо маанисинде айтуудан колдонулат. Жаныбар жээрде айгыр эликтей суналып, бат эле көрүнбөй калды (Айтматов). Ай жаныбар Мааникер, Сыны малдан бир башка («Манас»). Жаныбарым чоң Талас, Атадан калган жер экен («Сейтек»).