Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Бир жери катуу ооруп абдан кыйналуу, чыдай албай алдастоо, жаны кейүү. Чучугунан бери зыркырап жаны көзүнө көрүнө калганда Эмилбек: - Апакебай, барайын! - деди (Осмоналиев). Аттын кыймылы сайын сөөгү кырчылдап, катуу ооруп, жаны көзүнө көрүндү (Касымбеков). 2. Аябай коркуу, жүрөгү оозуна тыгылып кооптонуу. Анда-санда катуурак чыккан Каныбектин үнүн угуп, Эркайымдын бүткөн бою дүрүлдөп, жаны көзүнө көрүнөт (Жантөшев). Эми арттан тигилердин дабышын даана уга баштады. Жаны көзүнө көрүндү («Ала-Тоо»).