Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Баарына тобокел кылуу, өлөр-тирилерине карабай тобокел деп кирише берүү. Мындан ары алар жандарын оозго тиштеп, өмүр менен өлүмдүн таразасында турарын билишти (Абакиров). Жеңилиш үчүн эмес, жеңүү үчүн жанын оозуна тиштеп тайманбайт («Кыргызстан маданияты»). Жандарын ооздоруна тиштеп суу кечкен жигиттерди карап туруп кызды калтырак басты (Абакиров). 2. Абдан коркуу, титиреп жүрөк заада болуу. Качанка дейре жаныңды оозго тиштеп, эл көзүнө жашырынып сойлоп келесиң? (Осмоналиев). Бу жырткычтар кандай иштесе тырп эте албайбыз, азуусун да гана турабыз жаныбызды оозубузга тиштеп (Касымбеков). Биз байкуш ал күнү жаныбызды оозубузга тиштеп, тышка түнөп чыктык («Чалкан»).