ЖАНДЫ ООЗГО ТИШТӨӨ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Баарына тобокел кылуу, өлөр-тирилерине карабай тобокел деп кирише берүү. Мындан ары алар жандарын оозго тиштеп, өмүр менен өлүмдүн таразасында турарын билишти (Абакиров). Жеңилиш үчүн эмес, жеңүү үчүн жанын оозуна тиштеп тайманбайт («Кыргызстан маданияты»). Жандарын ооздоруна тиштеп суу кечкен жигиттерди карап турган кызды калтырак басты (Абакиров). 2. Абдан коркуу, титиреп жүрөк заада болуу. Качанка дейре жаныңды оозго тиштеп, эл көзүнөн жашырынып сойлоп келесиң? (Осмоналиев). Бул жырткычтар кандай иштесе тырп эте албайбыз, азуусунда гана турабыз жанды оозго тиштеп (Касымбеков). Биз байкуш ал күнү жаныбызды оозубузга тиштеп, тышка түнөп чыктык («Чалкан»). В.: Жанды кылга байлоо. Балалуу жаңжал башташты Байкуш жанды экөө тең, Кылга байлап ташташты («Сейтек»). Эл үчүн жанын кылга байлаган, жүрөгүндө оту бар эр-азаматтар сөз менен даңазаланат. Жанды колго алуу. Кылыч менен чабышып, Жанды колго алышып («Манас»). Жанды колго кармоо. Корккон байкуштар жанын колго кармап жүрүшкөнсүйт (Жантөшев). Өзү өлөрүн түк билбей, Жанын колго кармаган («Сейтек»).