ЖАНДАН АША КЕЧҮҮ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Өзүн-өзү өлүмгө кыюу, өлүмдөн баш тартпоо, коркконду, сактанганды билбөө (көбүнчө бир нерсеге өтө нааразы болгон, же катуу кыйналган абалга карата). Азыр эле жандан аша кечип, заманасы куурулуп отурган Ыскак Аскардын бул жардамына түшүнбөдү (Исмаилов). - Сен жаныңдан аша кечкен эмесиңби? (Убукеев).