Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Токтолбой жаалданып, ээлигип сүйлөй берүү, жаагын жанып көп сүйлөө. Батийнанын жаагы ачылып, бажылдап басымдуулук кылып баратканына Анархан ызаланса да жоошуп, тартына түштү (Сыдыкбеков). Каракатындын жаагы ачылып шаңшый баштады дегиче, иштин буткену дешип, коңшуларыакырын куңкул кылып үйлөрүнө житип жок болушту («Ала-Тоо»). 2. Бир нерсеге көнүгүп, эргип, улам кызып сүйлөй, же ырдай баштоо. Сиздин шарапатыңыз менен жаагым ачылып, анча-мынча ырчы аталгансыдым (Бейшеналиев). Кебин Эркин баштап, ал оюндагысын айткан сайын жаагы ачылды (Сыдыкбеков).