Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Капалуу, кайгылуу ишке, кырсыкка ж. б. карата көзүнө жаш алып муңкануу, ый баштоо. Ыйлап жүрүп арык казсаң, ырдап жүрүп суу сугарасың (макал). Кайгырып ыйлап турсам да, Кайрылып чыкпайт кабарың (Токтогул). Кучактап алып Сырганы, Шолоктоп ыйлап сүйүндү (Бөкөнбаев). Мени оорулуу көкүрөккө кысып алып, апам дагы ыйлап жатты, кусалыктын бугун жазып (Султанов).