Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Чоң, башкы насаатчы. Тибеттеги XVІ кылымдан бери лама чиркөөсүнүн жогорку дин башчысынын наамы; феодалдык диний башкаруучу жана динчилер сыйынган адам түспөлүндөгү «тирүү кудай». Ламаизмдин догмалык принциби боюнча Далай лама өлбөйт. Анын жаны өзү өлгөндө жаңы төрөлгөн балага «көчөт». Жаңы Далай лама ушундай балдардан шайланган. Ыламасын бир кылган («Манас» С. К.).