Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
УЮМДАШКАН КЫЛМЫШТУУЛУК – кылмыштаануудагы кылмыштуулуктун өзгөчө коркунучтуу түрлөүнүн бири; ал төмөнкүдөй белгилер менен мүнөздөлөт: а) материалдык-каржылык негизинин болушу; б) кылмыштуу уюмдун иерархиялык түзүмү; в) мамлекеттик органдар менен коррупциялык байланышынын болушу; г) кылмыштуу иштеринин туруктуу түрү; д) кылмыштуу топтордун (уюмдардын) конгломератына биригүү тенденциясы; е) таасир этүү чөйрөлөрүнүн так бөлүнгөндүгү.