ҮСТҮНӨ ҮЙРҮЛҮП ТҮШҮҮ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Жалынып-жалбырып, эгилип-жагылып, өтө жакшы көрүү. Ал күйүмдүү бир тууганыңдай жапылдап, керек десең сен үчүн кара башын садага чаап, үстүңө үйрүлүп түшөт (Исмаилов). Алдейлеген атасындай камкордук көрүп, үстүнө үйрүлүп түшүп, асырап, дарылап, багып турат («Советтик Кыргызстан»). Кокус сыркоолоп калсаң, үстүңө үйрүлүп түшө калат (Медетов).