Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Эстен чыгып кетүүчүлүк, унутулуп калган абал. Ушул күндөр унут болор бекен? – деп Бурмаке өзүнчө кобурайт (Элебаев). Согуш дегендин атын унутсак... (Жакиев). 2. Эстен чыгып коюу, эстен чыгып кетүү. Унуттум черткен комузду, Улардай чыккан добушту (Токтогул). Унутканын эсине түшүргөн кичине Динар, селтең этип чоң энеге бурулду (Сасыкбаев). Мага түк келбей койдуң да, же мени унуттуңбу? (Жакиев).