УНАА
Краткий этимологический словарь кыргызского языка«Минүүгө жарай турган мал» маанисиндеги унаа сөзү кыргыз тилине моңгол тилинен кабыл алынган. Моңгол тилинде уна этиши «мин» дегенди билдирет (МРС, 455). Ага -а(н) мүчөсү жалганып унаан сөзү жаралган. Мына ушул унаан сөзү кыргыз тилине унаа түрүндө кабыл алынган.