Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Эч бир ойго келбеген, такыр ойдо жок, күтүлбөгөн жерден, капысынан болгон, таң каларлык. Эми бүгүн радио угасыңбы, телевизор көрөсүңбү, газета окуйсуңбу, дегеле үч уктаса түшкө кирбеген шумдуктуу окуяларга дуушар болосуң. Өзүм да ушул балээге кириптер болом деген ой үч уктасам түшүмө кирбеген («Чалкан»). В.: Үч уктаса түштө жок. Берметтин жек көргөн кишисине тием деген ой анын үч уктаса түшүндө жок (Абдукаимов). Бирок, мындай кордук үч уктаса түшүмдө жок эле (Бейшеналиев). Уктаса түшкө киргис. Басмачылардын бул жоругу уктаса түшкө киргис иш болду (Бейшеналиев).