убакыт
Толковый словарь кыргызского языка (1969)зат. 1. Мезгил, учур, маал. Убакыт өтсө бекерге, Аны кайдан табабыз (Үмөталиев). Белгиленген убакыт да жетти (Тоголок Молдо). Убакыт болсо — эрте бешим (Жантөшев).
2. сүйл. Саат. Убакытың канча болду? Ар убакыт — ар дайым, ар качан. Элестеп көз алдыма ар убакыт, Тоо кызы, көзүң кысып күлүңдөйсүң (Шимеев). Жергиликтүү убакыт — белгилүү бир географиялык алкак, белгилүү бир пункт үчүн гана таандык астрономиялык мезгил.