ТҮЙҮН І
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Жиптин, жоолуктун ж. б. байланган, түйүлгөн жери. Ал аркандын түйүнүн чечти (Мидин). 2. Жолдордун, байланыш каражаттарынын ж. б. кесилишкен, топтолушкан жери. Темир жол түйүнү. Суу жолдорунун түйүнү. 3. өт. Кандайдыр бир иштин, шарттын, сырдын ж. б. топтошкон жери негизи, маңызы, сыр. Жүрөктө табышмактуу сыр түйүнү көбөйө берди (Абдыраманов). Иштин түйүнү. Сөздүн түйүнү.