Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Түртүндү, ар кимдин түртүп, жөөлөп кетүүсүнө туш келген абал. Бир кезде калың элдин ортосунда ар кимдин түрткүсүндө калыптырмын («Ала-Тоо»).
2. Кандайдыр бир иштин алга жылышына, аткарылышына жардамчы болуучу аракет, себеп. Жакшы окуп, өндүрүштө мыкты иштеген жаштарды дубал газеталарга чыгарып туруу башкалардан да жакшы окушуна түрткү берет («Кыргызстан аялдары»).
3. Жектөөгө, түрткүнчүккө калган абал. Үч жашымдан түрткү жеп, Мусапыр болуп куурадым (Токтогул).