Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Көшүлүңкү, мемиреп магдырагандай тынч абалда болуу. Тунжурап талаа уктаган, Түн жарымы кезинде (Маликов). Адырлардын тунжурап жымжырт жатышы кандайдыр шектүү сезилет (Сасыкбаев). Жолой көпкө тунжурап отурду (Жантөшев). Тунжурайсың көз салып, Ал жарыкка келе жаткан үзүлбөй (Келдибекова).