Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бала төрөлгөндө, кыз бергенде, келин алганда ж. б. эл чакырылып, ар кандай оюн-тамаша болуп тамак берилүүчү салтанат, кандайдыр бир салтанаттуу күнгө карата болгон майрам. Тойго союп кырылып («Манас» С. К.). Торконун көркү уз болот, Тойдун көркү сөз болот (Калмырза). Эртеси Шопок бир кой союп Дүйшөнкулдун бешик тоюн берди (Бөкөнбаев). Тойго эмне союлат, келинчегим не киет, аны өзүм билем (Сыдыкбеков).