Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТӨЛӨМ ВАЛЮТАСЫ – тышкы соода бүтүмүндө же эларалык кредитти жоюуда товарды иш жүзүндө төлөөчү акча бирдиги. Валюталык бүтүм менен, өзгөчө эсептешүүнүн клиринг таризинде (кара:Клиринг), атайын эсептешүү бирдигин келишимге киргизүүдө ж. б. дал келбей калышы мүмкүн. Тышкы соода же кредиттик келишимде төлөм жана бүтүм валюталары дал келбей калганда кайра эсептөө курсун аныктоо зарыл (кара:Валюта эскертмеси).