Төлөм тутуму
Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)ТӨЛӨМ ТУТУМУ – кредиттик-каржы мекемелеринин ортосунда накталай эмес эсеп-кысаптарды жүргүзүү жана карыз милдеттенмелерин жөнгө салуу үчүн колдонула турган технологиялар менен жарак-жабдыктардын өзара байланыштуу тутуму. Төлөм кызматтарын көрсөтүүчү мекемелер (КРУБ ж. б. мекемелер) жана иш кошундулары (клиринг тутуму, гросс тутуму ж. б.), төлөм жарак-жабдыктары төлөм тутумунун бирдиктүү кошундусу болуп саналат.