Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Сатып алынган нерсе үчүн, пайдалангандыгы үчүн баасын, мүчөлүк акысын, карызды, салыкты ж. б. берүү, бүлүнгөн, жоголгон нерсенин ордун толтуруу. Анан сен үчүн Чаргын өз жанынан төлөмөк беле (Сыдыкбеков). Карызын төлөп, Маамыт араңдан зорго кутулду (Жантөшев). 2. Жумшап, жоготуп, жок кылып бүлдүрүп-сындырып койгондугу үчүн кандайдыр бир нерсенин наркына, баасына барабар келгендей өлчөмдө акча каражатын берүү же башка бир нерсе берип эсептешүү. Боорукердигиме ыраазы бол да, чөп үчүн төрт кой төлөп кой, бала! (Сыдыкбеков).