Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Туш тараптын бардыгы, бүт дүнүйө жүзү, аалам. Мына биз төгөрөктүн төрт бурчунда эмнелер болуп жатканын үйүбүздө отуруп гана уга беребиз (Убукеев). Төгөрөктүн төрт бурчун төрт айлана кыдыруу («Эр Төштүк»). Төгөрөктүн төрт бурчунан эл жыйнап, аш берүүгө камынат («Манас»).