Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. Бутту тизеден бүгүп, тизеси менен басуу, ныгыруу. Кандайдыр бир чоочун киши тизелеп, бактардын түбүн чукулап отурат (Баялинов). [Кайыр] тизелей түшүп кырынан кетти (Аалы).
Сыңар тизелөө — бир бутунун тизесин бүгүп, экинчи бутунун тизесин жерге таяп отуруу. [Чоко] Ажардын жанына сыңар тизелеп отурду (Жантөшев).