Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кантка, балга ж. б. мүнөздүү даам, татты. Апам дүкөндөн кант, набат, мейиз жана ушуга окшогон таттуу нерселерди сатып келди. 2. өт. Уккулуктуу, жанга жагымдуу, сүйкүмдүү. Эл таттуу уйкуда жатышат. Кичи пейил, шамдагай, Сөзү таттуу курч эле (Токомбаев). Алакандан чымчык жеп чокугандай, Колуңдан жегем таттуу талканыңды (Байгазиев). 3. Ынак, ынтымактуу.