ТАТТУУ
Краткий этимологический словарь кыргызского языкаДаамы таттуу деген учурда айтылгая таттуу сөзү тат+туу бөлүктөрүнөн куралган. Анын тат уңгусу азыркы чуваш тилинде тута түрүндө келип «даам» маанисин берет (ЧРС, 499). Чувашча тутла сөзү кыргызча таттуу дегенди билдирет. Кандайдыр бир нерсенин бардыгын туюнткан -луу мүчөсү кыргыз тилинде -туу түрүнө келген. Кыргыз тилиндеги даамын тат деген учурдагы тат этиши байыркы тат «даам» сөзүнө уңгулаш сөз болгон. Азыркы таты, татым, татык сөздөрү «даам» маанисиндеги сөзүнөн келип чыккан: тат+ы, тат+ы + м тат+ы + к.