ТАШ БООР
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Ырайымсыз, эч кимге жаны ачыбаган, ыракымы жок, кара мүртөз. Таш боор атанын таягы, өгөй эненин тырмагы акыры Мастуранын кырчындай өмүрүн кыркты («Ленинчил жаш»). Тыныбектен өткөн таш боор, мээримсиз болгону үчүн атасынан көңүлү сууду (Каимов).