Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТАҢГАК – товардын жана курчап турган айлана-чөйрөнүн бузулуудан коргоолуусун камсыз кылуучу жана товарды урунууну жеңилдетүүчү каражаттар же каражаттар топтому. «Т.» түшүнүгү кеңири маанисинде идишти да өз ичине камтыйт, тар маанисинде Т-ты тарадан анын бир жолу гана колдонулуучу мүнөзү өзгөчөлөйт.