Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. к. ТАҢДАЙЫ КАТУУ Керели кечке машыгып, чарчап-чаалыкканыңда таңдайың так катып, тамчы суу ууртасам дейсиң (Абакиров). 2. Абдан суктануу, эңсөө. Сонунбаланын кыз кезинде далай жигиттердин таңдайы так каткан деген сөз эмдигиче айтылып жүрөт (Осмоналиев). Анын кыздардыкындай сүлуу сымак келген ажарына, сыпаа мүчөсүнө нечен кыздардын таңдайы так каткан (Ашымбаев).