таңдай
Толковый словарь кыргызского языка (1969)зат. Ооз көңдөйүнүн жаа формасында ийилген үстү жагы, тилдин үстүңкү жагы. Таңдайы кургап, тил катып Күндөп, түндөп жол тартып («Манас»).
♦ Каз таңдай — 1) тегерек баштуу чөп, 2) сайманын түрү. Жез таңдай — кыраакы чечен адамдарга же жеткилең мыкты акындарга айтылуучу эпитет. Ак таңдай — акындыгы жеткилең, мыкты акындарга айтылуучу эпитет.