Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Куурулган жана жаргылчакка, тегирменге тартылып майдаланган дан, азык. Арпа талкан. Жүгөрү талкан. Буудай талкан.
Май талкан — 1) майга көйлөнгөн талкан; 2) өт. абдан пайдалуу жер. Кетер эле, бирок мындай май талканга жетпейт (Шүкүрбеков). Көкөйгө көк талкандай тийүү к. көкөй. Ташын талкан кылуу — 1) абдан майдалоо, быркыратуу. 2) өт. кыйратуу, жоготуу, ойронун чыгаруу. Каршылашкан душман болсо, Ташын талкан кылабыз (Осмонкул).