Толковый словарь кыргызского языка (1969)

I сын.

  1. Сынып калган, жарака кеткен же кетилип калган жери бар, бүтүн эмес. Сынык ээр. Сынык казан. Сынык кетмен.
  2. Нерсенин сынган бир бөлүгү, бүтүн нерседен ажырап, бөлүнүп калган бир бөлүк. Ашыр кумуранын сыныктарын сыйпалап издей баштады (Сасыкбаев). Өзү дагы ажал тапты кыраан эр, Учуп тийип гранаттын сыныгы (Үмөталиев).
  3. өт. Дененин сынган жери, сынуу аркылуу болгон илдет. Сыныктын жаманыкыйшык таңылганы, жигиттин жаманы — оозунан жаңылганы (макал).

СЫНЫК II сылык менен бирдей.
СЫНЫК III этиш. Мурдагыдай болбой бир аз ийигүү, мизи кайтуу, бети кайтуу. Күн сыныгып, айлана мелүүн тартып, жымжырттык жышанасы келип калган (Сасыкбаев).