СЫНЫК І
Толковый словарь кыргызского языка. 20151.Сынып калган, жарака кеткен же кетилип калган жери бар, бүтүн эмес. Сынык ээр. Сынык казан. Сынык кетмен. 2. Нерсенин сынган бир бөлүгү, бүтүн нерседен ажырап, бөлүнүп калган бир бөлүк. Ашыр кумуранын сыныктарын сыйпалап издей баштады (Сасыкбаев). Өзү дагы ажал тапты кыраан эр, Учуп тийип гранаттын сыныгы (Үмөталиев). 3. өт. Дененин сынган жери, сынуу аркылуу болгон илдет. Сыныктын жаманы – кыйшык таңылганы, жигиттин жаманы – оозунан жаңылганы (макал).