СЫНЧЫ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015адаб. Адабий сын жазган автор. Ал көркөм чыгармада жаап-жашырылып айкын көрүнбөгөн, түздөн-түз айтылбаган, көзгө сайып көрсөтүлбөгөн нерселерди ачып берет, окурмандын оюн багыттайт, автордун идея-темасын, проблемаларын дааналайт. Толубайдай сынчы бол, Токтогулдай ырчы бол (макал). Сынчынын сөзү сын болот, Ырчынын көөнү ыр болот (Калмырза). Айтыптыр бир акылман, сынчы киши, Сынчынын дайым келет айткан иши (Баласагын). Адабий сынчы.