СЫН
Краткий этимологический словарь кыргызского языкаКыргыз тилиндеги сууктун тумшугу сынды, Суунун тумшугун сындыр деген сыяктуу учурларда айтылуучу сын этиши сөөк сынды, мүйүзү сынды, колу сынды сыяктуу учурдагы сын этишине сырткы түрү боюнча окшош, бирок мааниси башка. Мына ушу сын этиши алгачкы ысын (<ысы+н) сөзүнүн башкы ы тыбышы түшүп калышынан келип чыккан.
Ушул сөздүн башындагы үндүү тыбыш түшүп калышы кара калпак тилинде да орун алат.