СЫЛЫК
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Сыпайы, орой эмес, сыпаа, адептүү. Дос, тууганды ала жүр жакын кылып, Кичүүгө да, улууга болгун сылык (Баласагын). Адамдын түрдүүсүндө түрдүү кылык, Бирөө орой, бирөө митаам, бирөө сылык (Турус-беков). Балдар сылык өссө, көңүлүң көтөрүлүп калат (Абдукаримов). Сулуулардан, сылыктардан бөлүнүп, Сен жүрөсүң мага өзгөчө көрүнүп (Закирова).