СҮТКӨ ТИЙГЕН КҮЧҮКТӨЙ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Күнөөлүүдөй, кылмыштуудай четтеп, коомайлап, элге кошула албай турган кишиге карата айтылат. Бактыбек сүткө тийген күчүктөй болуп унчукпайт («Ала-Тоо»). Саадат төрагалыкты бергенден кийин, ал сүткө тийген күчүктөй четтеп, Сапарбай менен Жакыптар ынтымакта (Сыдыкбеков).