Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кандайдыр бир нерсе жөнүндө билүү үчүн жооп талап кылган кайрылыш, собол. Сапар суроого жараша жооп берип жатты (Жантөшев). 2. Чечүүнү талап кылган, чечиш үчүн коюлган маселе. Бул суроолорду өлкө тагдыры чечерин биздин замандын кишилери түшүндү (Сыдыкбеков). 3. Талап, керектөө, өтүнүч, сураныч. Жаңы китептерге болгон суроо. Керектүү товарларга суроо көбөйүүдө. 4. Белгисиздик, чечиле электик. Экинчи мен көрөмүнбү? Чоң суроо! (Токомбаев). 5. Уруксат. Тыштан суроо-сопкуту жок эле эки киши кирди (Убукеев).