Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бирөөдөн жооп алыш, бир нерсе жөнүндө айттырыш үчүн суроо кылып кайрылуу. Он бешинчи заводдун Устасы экен сурасам (Осмонов). «Атың ким» деп сурадым. Жаңылык сурайлычы. Сурабагын неге деп, баарын кечтим, Жадап бүкүр бүтпөгөн үтүрлөрдөн (Чотурова). 2. Бир нерсе алуу же кандайдыр бир башка максат, иш боюнча өтүнүп кайрылуу, сурануу. Сурап ичкен тамагың, Суу ичкен менен барабар (Токтогул). Жараткан Алла бар кудай, Жардамды сенден суранам (Казыбек). Ар кимден жол сурап, кайда барарын, кайсы жолго түшөрүн билбей адашып жүрүштү («Ала-Тоо»). Эл алдына келип кечирим сураса болбойт беле (Байтемиров). 3. Бийлик жүргүзүү, башкаруу. Түбү сурап эл бийлеп, Жеп келгенден болбогун (Барпы). Эл сураган Алтыбай, Эң эле адил шер болсо («Эр Табылды»).