СТИЛЬ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Белгилүү бир замандагы искусствонун, багыттын же художниктин идеялык, мазмун жана көркөмдүк формага карата болгон мамилесин мүнөздөөчү белгилердин жыйындысы. Бардыгы тең уйгур стилинде салынган боз тамдар (Жантөшев). Адабияттагы романтикалык стиль. 2. Кандайдыр бир жазуучунун же адабий чыгарманын, багыттын жана анын тилине мүнөздүү болгон тил каражаттарын пайдалануу ыктары; кептин түзүлүшүндөгү жана сөздөрдү колдонуудагы, баяндоодогу өзгөчөлүктөр. Газетанын стили. Адабий чыгарманын стили. 3. Кандайдыр бир ишти, аракетти жүзөгө ашырууда башкалардан айырмаланган ык, жол. Жетекчилик стиль. Тарбиялык иштердин стили. 4. сүйл. Жүрүш-турушу, сүйлөгөнү, кийген кийими ж. б. Анын жаңы стиль менен кийингени, жүрүш-турушунун өзгөчөлүгү чет элден келгендигин айгинелеп турду («Ала-Тоо»).