Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Кайнатып бышырылган эттин ширеси, чыгы. Ошол учурда эт бышып, сорпо куюлуп, башка сөзгө кирип кетишти (Сасыкбаев).
Сорпо-шилең — эттүү, эт катыкталган тамак. Кырманчыларга сорпо-шилең беремин деп председатель тоодогу малга чыгып кеткен (Баялинов). Моюнуна сорпо төгүлүү — айласы кетип, шору катып калуу, башына кыйынчылык түшүү.