Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Теги ителгиге жаткан, тээп алма алгыр куш. Канаты сынган шумкардай, Кайгылуу болдум өң азып (Казыбек). Таптаган билет шумкарды, Чапкан билет тулпарды (Турусбеков). Аттын баары тулпар болбойт, куштун баары шумкар болбойт (макал). Кара куш кардына карайт, шумкар чабытына карайт (макал). Ортосуна шумкар менен күйкөнүн, Ак, карадай айырма бар, дүйнө күн (С. Урманбетов).