себеп
Толковый словарь кыргызского языка (1969)зат. 1. Кандайдыр бир нерсенин, окуянын, натыйжанын келип чыгыш же пайда болуш шарты. Ышкынаалынын уктап кетишине себеп бар, кечеги түнү үйүнө конок келип, күү-күү менен таңдын атканын сезбей калган (Байтемиров). Мунун бардыгынын негизги себеби эмнеде? (Каимов).
2. Түрткү, жардамчы; шылтоо. Ашырды кенде иштеттирип, өнөр жолуна салууга ошол Егор Иващев себеп болгон (Сасыкбаев).
♦ Эбепке-себеп болуу — айла, даба,. шыба болуу.
2. Түрткү, жардамчы; шылтоо. Ашырды кенде иштеттирип, өнөр жолуна салууга ошол Егор Иващев себеп болгон (Сасыкбаев).
♦ Эбепке-себеп болуу — айла, даба,. шыба болуу.